Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

КМШда байкоочулардын ролу "кеңейтилет"


Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенттери менен өкмөт башчылары бүгүн КМШнын түзүлүшүнүн 20 жылдык мааракесин бейформал белгилешти. Самиттин соңунда кол коюлган келишимдердин арасында КМШлык байкоочулар тууралуу документ да бар.

Кремлдин билдирүүсүндө айтылгандай, жаңы келишимдер “Парламенттик жана президенттик шайлоолордогу КМШнын байкоочулар миссиясынын ролун" кеңейтмекчи.

КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев “шайлоонун мезгилинде эмне болгонун биз ымалаштардын көзү менен карайбыз, ал эми Батыш өлкөлөрүнөн кесиптештер кемчиликтерге басым жасайт" деди.

11 өлкө кирген КМШнын лидерлери экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана кызматташттык маселелерин да сөз кылышмак.

Самитке Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев барды. Бул Атамбаевдин өткөн айда шайлангандан кийинки алгачкы чет элдик расмий сапары.

Москвада Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун да саммити өтөөрү кабарланган.JCH

XS
SM
MD
LG