Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:00

Парламент спикери жашыруун добуш менен тандалат


Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети менен Регламент жана мамлекеттик кызматчынын этикасы комитети парламенттин спикерин шайлоонун жол-жобосу боюнча бүтүм чыгарды. Ага ылайык, коалициялык көпчүлүк төрагалыкка сунуштаган Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков жана “Ата-Журт” фракциясынан Курманбек Осмноновдун талапкерлиги бекитилди. Төрага жашыруун добуш берүү аркылуу тандалганы жатат. (EBM)
XS
SM
MD
LG