Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Апрель соту белгисиз мөөнөткө жылды


Апрель окуялары боюнча бүгүнкү соттук териштирүү Бишкек гарнизондук сотунун 20-декабрдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратурадан кассациялык сунуш түшкөнүнө байланыштуу болгон жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

20-декабарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Мурат Суталиновду үй камагына чыгаруу тууралуу чечимди өзгөртүү боюнча жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин өтүнүчүн судья Дамир Оңолбеков канааттандырган эмес.

Апрель окуялары боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Суталинов 14-декабрда сотто капыстан пайда болуп камакка алынган. Аз убакыттан кийин эле баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокатынын өтүнүчү канааттандырылып үй камагына чыгарылган. УКМК 15-декабарда Суталиновду мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деген кине менен камакка алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG