Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Узаков: мечиттердин дээрлик көбү каттоодон өткөн эмес


Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков аймактарда көптөгөн мечиттер мыйзамсыз иштеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Ош облусундагы 750 мечиттин 157си, Баткен облусунда 77 мечит, Жалал-Абад облусундагы 598 мечиттин 144ү каттоодон өткөн эмес. Каттоодон өтпөгөн мындай мечиттерде ар түрдүү диний экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү иш-аракеттерин жүргүзүүсү ыктымал. Өлкөдөгү мечиттердин имамдарынын жетимиш пайызынын, ал эми Жалал-Абад облусунда алардын 80 пайызынын атайын билими жок.

Кыргызстанда диний билим берүүчү тогуз ислам окуу жайы, алтымыштан ашык медресе иштейт. (YA)

XS
SM
MD
LG