Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Орусияда парламенттин жаңы курамы ишке киришти


Мамлекеттик дума бүгүн алгачкы олтурумуна оппозициянын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чакырыктарына карабай чогулду.

Оппозициянын ырастоосунда, 4- декабрдагы шайлоо премьер-министр Владимир Путиндин бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын пайдасы үчүн бурмаланган.

Талаштуу шайлоонун арты нааразылык акциялары менен коштолуп, 10-декабрда Москвада, Кремлдин жанындагы митингге 50 миңдей киши чыккан.

Шайлоо жыйынтыгына нааразылардын кийинки демонстрациясы 24-декабрга белгиленүүдө. Ага катышарын Интернеттеги социалдык
түйүн – Facebook сайты аркылуу 30 миңден ашуун киши ырастады.

 

XS
SM
MD
LG