Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Иракта премьер-министр күрттөрдү вице-президентти өткөрүп берүүгө чакырды


Нури ал –Малики мындай чакырыкты саясатчылар менен расмий өкүлдөрдү өлтүрүүнү максат кылган топту жетектеген деп айыпталып жаткан вице-президент Тарик ал-Хашеми автономдуу күрт аймагында жүргөнүнө байланыштуу жасады. Багдаддагы басма сөз жыйында ал буларды белгиледи:

-Биз күрт аймактык өкмөтүндөгү бир туугандарыбыздан жоопкерчиликти алып, шектүүнү сотко өткөрүп берүүнү өтүнөбүз. Аны өткөрбөө же качып кетүүсүнө жол ачуу көйгөй жаратат. Биз күрт өкмөтү сотко келиши керек болгон кимдир бирөө үчүн ортомчу болушун каалабайбыз. Мен айткандай, бул маселени саясатташтыруу кабыл алынгыс.

Тарик ал-Хашеми сунниттердин Ирактын жетекчилигиндеги эң жогорку даражалуу өкүлү жана сунниттер колдогон “ал-Иракия” партиясынын лидерлеринин бири. Бул партия азыр премьер-министр, шийит Нури ал-Малики бийликти монополиялап алды деген жүйөө менен өкмөттүн ишин бойкоттодо.

Вице-президентти камоого Ирактын соттук кеңеши ушул дүйшөмбүдө буйрук чыгарган.

Тарик ал-Хашеми болсо өз кезегинде аны басынтууну көздөгөн кутумдун артында премьр-министр Нури ал-Малики турат деп ырастап, ага коюлган айыптарды “жасалма” жана “саясий максаты бар” деп мүнөздөөдө.

Премьер-министр, шийит Нури ал-Малики менен суннит саясатчылардын ал-Иракия блогунун ортосундагы тирешүүнү күчөткөн бул окуя АКШ Ирактан акыркы аскерин чыгарып кеткендин кийин орун алып олтурат,

XS
SM
MD
LG