Бул тууралуу Жаңы-Өзөн шаарынын коменданты Аманжол Кабыловго шилтеме жасап “Интерфакс – Казакстан” агенттиги кабарлады. Коменданттын айтымында, сегиз адам камакка алынган, алардын бешөөсү башаламандыкка тиешеси бар деп шектелүүдө. Шаар коменданты кошумчалагандай, соңку маалыматтар боюнча, тополоңдон 14 киши өлүп, 99 адам жаракат алган.
Аталган шаарда мунай компанияда иштегендердин сегиз айдан бери уланып жаткан нааразылык акциясы өткөн жума күнү, Казакстан көз карандысыздык майрамын белгилеп жаткан кезде кагылышуу менен коштолуп, коопсуздук күчтөрү ок ачкан.
Бул аралыкта казак оппозициясынын өкүлдөрүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Жаңы-Өзөндөгү окуяларды иликтөө үчүн алар түзгөн коомдук комиссиянын мүчөлөрү бийлик менен мурда макулдашылганына карабай шаарга киргизилген жок.
Жаңы-Өзөн аймагында жайгашкан Мангыстау облусунун борбору Актауда, “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы кабарлагандай, өткөн аптадагы кандуу окуяга нааразы болгондор бүгүн да митингге чыгышты.