Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

"Бета Сторестеги" чатак 26-декабрда каралат


"Бета Сторес" супермаркетиндеги чатак боюнча соттук иш котормочулардын жоктугуна байланыштуу 26-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Орузбаеванын таламын талашкан жаштар уюмдарынын өкүлү Мавлян Аскарбеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кечээ Биринчи май райондук сотуна айыпталуучу Гүнеш Йылмаз алынып келингени менен, тилмечтин жоктугунан жараян үзгүлтүккө учурады.

Чолпон Орузбаева ушул жылдын июнь айында ур-токмокко кабылган. Сатуучу кызды сабады деп “Бета Сторестин” кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмазга айып тагылган. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Йылмаз ошол бойдон издөөдө жүрүп кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берген. Бирок Гүнеш Йылмаз өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG