Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Москва: митингге интернет аркылуу 3 млн. рубль жыйналды


Москвада «Таза шайлоолор үчүн» деп аталган нааразылык акциянын уюштуруучулары 24-декабрга белгиленген митингди өткөрүүгө 3 миллион рубль топтоду. Демилгени колго алган журналист Ольга Романова Facebook барагында жазгандай, ар ким өз эркине жараша акчаны интернет аркылуу которот.

Топтолгон каражат болсо сүйлөөчүлөр үчүн бийик такта курууга, атайын үн күчөткүч жабдыктар, жарык берүү менен камсыздоо жана окуяны интернет аркылуу чагылдырууга жумшалат.

Москва мэриясына митингди уюштурууга уруксат сураган арыз берилген, ал эми ага 50 миңдей адам катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG