Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Өкмөттүн жаңы түзүмү түштөн кийин каралат


“Ата Мекен” фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков жаңы өкмөт башчыны жана өкмөттүн жаңы түзүмүн талкууга алаардан мурда азыркы өкмөттүн ишинин жыйынтыгын угуу керектигин билдирди. Депутат Келдибеков отчетту танапистен кийин комитет, фракцияларда карай берүүгө болоорун билдирди. Жыйында бекитилген күн тартибиные ылайык, жаңы өкмөт түзүмү саат экиден кийин каралмай болду.

Бүгүн башкаруучу коалиция өкмөт башчылыкка сунуштаган Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы түзүмү каралат. Жаңы долбоорго ылайык, өкмөттө жети мекеме кыскартылганы жатат. Кечээ парламент спикерге гана добуш берип жетишип, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.(AzK)

XS
SM
MD
LG