Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Энергетикалык түйүндүн иштен чыгышы иликтенүүдө


Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым аймактарында электрдин үзгүлтүккө учурашына байланыштуу түзүлгөн комиссия авариянын себептерин 10 күн убакыт аралыгында иликтеп чыгышат. Комиссиянын курамына кирген үч өлкөнүн адистери Ташкенде иликтөө жүргүзүп, энергетикалык түйүндүн эмне үчүн иштен чыкканын аныкташат. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз кызматынын билдиришинче, үч өлкөнү жарык менен жабдыган бирдиктүү энергетикалык түйүндүн иши акыркы эки күндө бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Натыйжада Казакстандын түштүк аймагы, Өзбекстандын айрым бөлүгү жана Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Соңку авария 21-декабрда кечке жуук катталып, Кыргызстан түндүгүнө чектөө киргизилген.(AzK)

XS
SM
MD
LG