Бул туурасында бүгүн парламенттин жыйынында депутат Гүлнара Жамгырчиева билдирди. Ал үйдө, жумушта жылыткычтар сайылганы менен өтө муздак болуп жатканын айтып, депутаттар жашаган үйлөрдү курган компанияларды жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. Депутат Акматбек Келдибеков катуу суукка байланыштуу өкмөт мүчөлөрүн толугу менен чакырып, кантип кыштан чыгабыз деген маселени коюу керектигин билдирди. Ушул тапта депутаттардын иш бөлмөлөрүндө термометр тогуз градусту көрсөтүп жатыптыр. (AzK)