Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ошто ВИЧ жуккан балдарга балаты майрамы өткөрүлдү


Дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ илдети жугуп калган 150 балага бүгүн Ош шаарында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Аны “Рейнбоу” маалыматтык борбору уюштуруп, балдарга майрамдык кече жана белектерди тартуулашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун кызматкери Феруза Мадалиева билдирди.

Иш-чарага Кара-Суу, Ноокат райондорундагы жана Ош шаарындагы оорулуу балдар келишкен. Кыргызстанда 283 балада ВИЧ бар. Алардын 191ине ВИЧ дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ооруканаларда жуккан. Бир ай мурун Финляндия элчилигинин колдоосу менен Ош шаарында ВИЧ жуккан балдар үчүн атайын окуу борбору ачылган.
(SE)

XS
SM
MD
LG