Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:59

Сокулукта суу ташкындардын алдын алышты


Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн районунда 20-декабрдагы катуу сууктан улам Ала-Арча суусу тоңуп калган. Бул суу Маевка айылы аркылуу агып өткөндүктөн, анын тегерегинде жайгашкан үйлөргө суу каптоо коркунучу пайда болгон. Ушул тапта музду талкалоо иштеринин негизинде суунун нугу калыбына келтирилди. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 365 миң сом бөлүндү. Аламүдүн суусу агып өтчү Ленин айылында да суу каптоо коркунучу жергиликтүү тургундардын күчү менен жоюлду.

20-декабрда Сокулук районундагы Кара-Коо каналында суу чектен чыгып 3 үйдү, “Товарищество” дачасындагы көчөлөрдү суу каптаган. Ушул тапта каналда суунун деңгээли төмөндөп, өз нугуна келгени кабарланууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG