Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Астана Жаңы-Өзөндөгү калабаны иликтөөгө БУУну чакырды


Казакстан Улуттар Уюмун өткөн жумада Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу булоонду изилдөөгө катышканга чакырды. Башкы прокурор Асхат Доолбаев мындай сунушту БУУнун Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча чабарманы Армен Харутюнян менен Астанада болгон кездешүүдө жасаганы ырасмий түрдө маалымдалды. Казакстандын башкы прокурорлугунун билдиришинче, Жаңы-Өзөндө коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар арасында 16-декабрда болгон кагылышта өлгөндөрдүн саны дагы бирге көбөйүп, 15ке жетти. Калабада 80дей адам жараат алып, 40тан ашуун имарат өрттөлгөн.
Эртеси коңшулаш айылда болгон кагылышта 1 адам өлгөн.
Президент Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү тополоңду “бейбаштардын иши” деп, шаарда 5-январга дейре чукул кырдаал абалын киргизген.

XS
SM
MD
LG