Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Багдаддагы чабуулда 60 чакты адам набыт болду


Багдадда катма-кат болгон 10дон ашык бомба чабуулу 60ка жакын адамдын өмүрүн алды. Бул ирактык шииттер менен сунниттердин саясый фракциялары ортосунда чыккан кризистен берки биринчи координацияланган чабуул болду. Ирактын саламаттыкты сактоо министрлигинин кабарлашынча, жардыруулардан кеминде 57 киши курман болуп, 170тен ашык адам жараат алды. Багдаддын көбүн эсе шииттер жашаган бөлүгүндө болгон кыянаттыкты ким уюштурганы азырынча белгисиз. Суннит вице-президент Тарык Хашеми "терроризмге катыштыгы бар" делип, камакка алынгандан бери Ирактын курама өкмөтү кризисте. Хашеми айыптоону четке каккан, сунниттер колдогон Иракия партиясы нааразылык иретинде парламенттик шайлоого бойкот жарыялашты.

XS
SM
MD
LG