Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 21-декабрь түнкү саат 23төн беш мүнөт өткөндө Школьный көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анын айынан өрткө чалдыккан беш жашар бала медициналык мекемеге бараткан жолдо көз жумган. Жетимиш жети жаштагы аял менен он үч жашар кыз түтүнгө ууланышкан жана алар оорукагага жаткырылды.Өрттүн чыгышына электр түйүнүн колдонуунун тартиби бузулганы себеп болгон.Бул тууралуу республиканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-декабрда маалымат таркатты. Өткөн бир суткада өлкөдө 24 өрт кырсыгы катталган. (YA)