Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Түркияда Францияга каршы нааразылыктар башталды


Бейшембиде Франция парламентинин төмөнкү палатасы Осмон түрктөрү тушундагы армяндар кыргынын "геноцид" деп тааныбагандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорду жактырган.

Француз бийлигинин мындай чечимине каршылык билдирген жүздөгөн стамбулдук студенттер көчөгө чыкты. Алар "Биз Евросоюзга барбайбыз!", "Франция - саткынчы" деп кыйкырып жатышты. Ошондой эле француз буюм-тайымдарын сатып алуудан жана Францияга баруудан баш тартууга чакырыктар айтылды. Жергиликтүү полиция болсо Франция менен биргелешкен машыгуулардан баш тартууга, франциялык кемелерди Түркиянын портторуна киргизбей коюуну сунуштоодо.

Франциянын тышкы иштер министри Aлен Жүппе бейшембиде журналисттерге "мындай толкундоолорго өкүнүч билдирем жана жакшылык үчүн тынчтанууга чакырам", - деп билдирди.

Кечээ Анкара Париждеги өз элчисин кеңешүүгө чакыртып алды. Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган Франция менен аскерий, экономикалык алакалар токтоп, өлкөдөгү ондогон француз мектептери жабыларын айтты.

XS
SM
MD
LG