Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Азимжан Аскаров Жогорку Соттун өкүмүнө макул эмес


Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров эгер бийлик 9-январга чейин анын ишин кайра иликтөөгө албаса, 10-январда ачкачылык жарыялай турганын билдирди. Бул тууралуу анын БУУнун комитетине, ЕККУ жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарына жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Аскаровдун билдиришинче, анын айыптуу экендигин тастыктаган бир да далил жок. Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов Азимжан Аскаровду ачкачылыктан баш тартууга чакырып жатканын, бул боюнча ушул тапта да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Адвокаттын пикиринде, азыр бийлик Аскаровду укпайт жана ачкачылык анын өмүрүнө коркунуч алып келиши ыктымал.

Жогорку Сот адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров боюнча соттун былтыр ноябрдагы өкүмүн колдогон чечим чыгарган. Төмөнкү инстанциядагы сот Азимжан Аскаровду былтыр жайдагы улут аралык чатакта "милициянын офицерин өлтүрдү", "массалык башаламандыкты уюштуруучулардын бири" деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG