Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Пансионаттардын биринде курал табылды


Чолпон-Атадагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан “Береке” пансионатынын чатырынан белгисиз бирөөлөр катып кеткен ок дарылары менен куралдар табылды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чатырда табылган баштык менен рюкзактын ичинде эки колго жасалган детонатору бар жарылуучу түзүлүш, эки магазини менен 59 огу бар Калашников автоматы жана бир магазини менен 16 огу бар эки Макаров тапанчасы болгон. Ушул тапта Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул куралды айылдын Улан аттуу 22 жаштагы жараны пансионаттын чатырына көгүчкөн кармайм деп чыкканда таап алган. (MK/AzK)

XS
SM
MD
LG