Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ошто каттоодон өтпөгөн мечиттер көбөйүп жатат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн башкы адиси Каныбек Маматалиев билдирди. Ош облусу боюнча 722 мечит болсо, анын 175и каттоодон өткөн эмес.

"Бул маселе акчага байланыштуу. Мамлекеттик каттоо комиссиясынан алынчу документтердин төлөмдөрүн, жол кирени кошуп эсептегенде, бир мечитти каттоодон өткөрүү үчүн анын чоң-кичинелигине карап, 10 миңден 20 миң сомго чейин акча сарпталат. Биздин ишканага каттоого коюу үчүн 250 сом гана төлөш керек",- дейт Маматалиев.

Мечиттер көп учурда ашар жолу, же жеке ишкер тарабынан курулуп, документтештирилбестен пайдаланууга берилет. Аны менен имам алектенүүгө туура келгендиктен каттоо иштери аткарылбай калат. (SE)

XS
SM
MD
LG