Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Түркия Франциядагы элчисин чакыртып алды


Франциянын парламенти армяндардын геноциди болгон эмес деп айтууга тыюу салган мыйзамды кабыл алгандан кийин Түркиянын Париждеги элчиси Анкарага «кеңешүүгө» чакыртылды. Элчиликтин маалымат кызматы АФП агенттигине элчи Анкарага бүгүн түштөн кийин барып калаарын кабарлады.

Армяндар Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде Осмон түрктөрү бир жарым миллиондой армянды өлтүрүлгөн деп эсептешет. Түркия эки тараптан тең оор жоготуулар болгондугун айтып, бирок геноцид болгон эмес деп ырастап келет. Мыйзамды Франциянын Сенаты жактыраары анык эмес. Түркия Франция менен саясий жана аскердик алакасын токтотуп жаткандыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG