Бүгүн Прагада 1989-жылдагы коммунисттик бийликти кан төгүүсүз кулаткан Баркут төңкөрүшүнүн жол башчысы, экс-президент Вацлав Гавелдин мамлекеттик зыяпаты өттү. Прагадагы Ыйык Вит соборундагы тажияда АКШнын мурдагы мамкатчысы Маделин Олбрайт эне тили болгон чех тилинде сүйлөп, Гавелге мындайча таазим келтирди:
- Гавел абийирге ар дайым азыктандырып, ар кандай факторлор таасир тийип, бекемделип турушу керек болгон адамдын органы катары мамиле жасаган. Ал эркиндикти эркиндик үчүн гана эмес, чындыктын жеңип чыгышы үчүн керек болгон аспап катары баалаган. Гавелдин улуту чех болгон менен, анын акылмандыгы, боорукерлиги, даанышпамдыгы жана оюнун тереңдиги бардыкка жеткиликтүү болгон.
Өткөн жекшембиде узак оорудан кийин 75 жашында көз жумган Гавел менен коштошууга АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон аялы, АКШнын мамкатчысы Хилларди Клинтон менен, Франциянын президенти Николя Саркози, Британиянын өкмөт башчысы Давид Камерон, Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса жана башка мартабалуу коноктор келди. JCH