Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Түркмөн президенти Путин менен жолукту


Tүркмөнстандын президенти Гурбангули Бердымухаммедов бүгүн Москванын сыртында Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолукту. Бердымухаммедов Путинди президенттик шайлоого талапкер болгону менен куттуктап, ал жеңип чыгат деген үмүтүн билдирди.

Сүйлөшүүдө түркмөн-орус алакалары сөзгө алынып, Бердымухаммедов анын өлкөсү Орусия менен газ экспортунда эл аралык деңгээлде кызматташуусу керектигин баса белгиледи. Путин түркмөн-орус соода мамилесине жогору баа берди.

Эки өлкөнүн алакасы 2009-жылдагы ортодогу газ куурундагы жардыруудан кийин солгундап кеткен. Бердымухаммедовдун президент Дмитрий Медведев да жолугушуусу пландалган.

XS
SM
MD
LG