Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында жашаган 11 жаштагы өспүрүм өз жанын өзү кыйганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 22-декабрда кечке жуук айылдын бир тургуну жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, айыл четиндеги алма бакчасында өспүрүм бут кийимдин боосу менен муунуп калганын кабарлаган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, өспүрүмгө карата эч кандай зомбулук көрсөтүлбөгөнү, ал өз жанын өзү кыйганы аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм ошол эле айылдын тургуну экендиги, жергиликтүү мектептин 5-классынын окуучусу болгону такталган. Ошондой эле анын үй-бүлөсүнүн турмуш-шарты начар, туугандары ичимдикке берилген адамдар экендиги тастыкталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, иликтөө иштери уланууда.
Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин кабарлагандай, быйыл бир жыл ичинде Кыргызстанда 94 мектеп окуучу өз жанын кыйган. (KKs)