Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Бишкектеги айрым ишканаларга газ бериле баштады


Газга чектөө киргизилген Бишкек шаарында жана анын тегерегинде орун алган ишканаларга көгүлтүр от четинен бериле баштады. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчи орун басары Евгений Орленконун “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ борбор калаадагы үч кооперативге газ берилди. Бүгүн дагы эки ишкана көгүлтүр от алышат.

Соңку күндөрү көгүлтүр от колдонгон 20га чукул ишканага газ берүү токтогон. Бул жагдай суук күчөгөндө шаар тургундарынын газга болгон муктаждыгы күчөп, түтүктөрдө басым төмөндөп кеткени менен түшүндүрүлгөн. Мындан тышкары Өзбекстандан Казакстан аркылуу келе турган газдын көлөмү да азайганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG