Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Жаңы жылдан тарта 160тай судья иштен кетет


2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда 160га чукул судьянын ыйгарым укуктары токтойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев билдирип, сотторду тандоо жана алардын макамын аныктаган мыйзамды тезирээк кароого чакырууда. Анын айтымында, жаңы судьяларды тандоонун тартиби жаңы жылга чейин аныкталбаса, ондогон судьялар кызматтан кетиши сот бийлигине кедергисин тийгизмекчи.

Президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта сотторду тандоо жана алардын макамын аныктоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул мыйзамды жаңы жылга чейин кабыл алуу көздөлүүдө.

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңеши да мыйзамдагы алешемдиктерден улам азырынча толук кандуу иштебей турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG