Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жаңы-Өзөндөгү окуялар боюнча 16 адам кармалды


Өткөн аптада Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында болгон тополоңго байланыштуу 16 кармалды. Бул тууралуу Маңгыс-Тоо облустук соту билдирип, аларга карата жаза кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Кечээ тополоң болгон аймакка казак президенти Нурсултан Назарбаев барып, кандуу окуядан кийин күйөө баласы Тимур Кулибаевди мамлекеттик "Самрук-Казына" холдингинин жетекчилигинен кетиргенин кабарлаган. "Самрук-Казына" "Каз-МунайГаз" ишканасына ээлик кылат эле.

16-декабрда аңы-Өзөндө коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар арасында кагылышуу болуп, анын натыйжасында кеминде 15 адам каза болгон. Калабада 80дей адам жараат алып, 40тан ашуун имарат өрттөлгөн. Эртеси коңшулаш айылда болгон кагылышта 1 адам өлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG