Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Агенттик, комитет башчылары кийинки жумада дайындалат


Өкмөткө караштуу агенттик, кызмат жана комитеттердин жетекчилери кийинки жумада дайындалат. Бул тууралуу парламенттик көпчүлүктү түзгөн КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алгач мекелердин азыркы жетек жетекчилеринин ишине баа берилет. Буга чейинки ишмердүүлүгүнө оң баа берилбеген жетекчилер кызматтан алынмакчы.

Кечээ Жогорку Кеңеш бекиткен өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Кыргызстанда 15 министрлик, 7 мамлекеттик комитет, 5 агенттик, 8 кызмат, 2 инспекция, 3 фонд жана 2 мамлекеттик мекеме болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG