Бүгүн саат 15:20да Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу райондогу Көк-Бел айылынан чыгышты көздөй 10 чакырым, Үч-Терек айылынан түштүк-батыш тарапка 15 чакырым, райондун борбору Токтогул айылынан түштүк-чыгыш карай 25 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү райондогу Көк-Бел айылында беш балл, Үч-Терек айылында төрт балл, Токтогул айылында 4 балл жана Кара-Көл шаарында 3,5 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок. (KKs)