Жаңы шайланган өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун токтому менен жаңы жылга карата иш күндөр менен эс алуу күндөрдүн тартиби өзгөрдү. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 1-январь дем алыш күнгө туура келгендиктен 2-январь эс алуу күнү деп белгиленди. Мындан тышкары беш күн иштеген мекемелер үчүн 2012-жылдын 3,4,5 жана 6-январындагы иш күндөр 14, 21,28-январдагы жана 4-февралдагы эс алуу күндөрүнө жылдырылды. Булар тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (KKs)