Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындаган буйругун чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Башмыйзам боюнча президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат. Президент бул мөөнөт ичинде премьер-министрди жана өкмөттү дайындабаса, алар дайындалды деп эсептелет.
Өкмөттүн жаңы курамы:
Аалы Азимович Карашев - биринчи вице-премьер-министр;
Жоомарт Каипович Оторбаев - экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр;
Гүлнара Үмөтовна Асымбекова - социалдык блок боюнча вице-премьер-министр;
Төрөгул Ниязович Беков – өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
Руслан Айтбаевич Казакбаев - тышкы иштер министри;
Зарылбек Кылычбекович Рысалиев - ички иштер министри;
Алмамбет Насырканович Шыкмаматов - юстиция министри;
Акылбек Үсөнбекович Жапаров - финансы министри;
Темир Аргембаевич Сариев - экономика жана монополияга каршы саясат министри;
Сапарбек Мамбетович Тынаев - айыл чарба жана мелиорация министри;
Калыкбек Иманалиевич Султанов - транспорт жана коммуникациялар министри;
Кубатбек Айылчиевич Боронов - өзгөчө кырдаалдар министри;
Аскарбек Алимбаевич Шадиев - энергетика жана өнөр жай министри;
Канат Жалилович Садыков - билим берүү жана илим министри;
Динара Зарлыковна Сагимбаева - саламаттык сактоо министри;
Ибрагим Кожоназарович Жунусов - маданият жана туризм министри;
Равшан Азатович Сабиров - социалдык өнүгүү министри;
Алиясбек Төлбашиевич Алымкулов - жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри.
Кечээ Жогорку Кеңеште жактырылган өкмөттүн жаңы түзүмүнө боюнча, Кыргызстанда 15 министрлик, 7 мамлекеттик комитет, 5 агенттик, 8 кызмат, 2 инспекция, 3 фонд жана 2 мамлекеттик мекеме болот. Агенттик, кызматтардын жетекчилери келе жаткан жумада такталмакчы. (KKs)