Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Москвада митингге он миңдеген адам келди


Москванын полициясы шаардын Сахаров проспектисинде чогулгандар 29 миңден ашуун десе, митингдин уюштуруучулары ал башталганга чейин эле 40 миң киши жыйналганын жарыялашты.

Бул жолку митингде Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин да сөз сүйлөп, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чакырыктарды колдоорун белгиледи:

- Мен бүгүн бул жерде адилет шайлоону жактаганым үчүн келдим. Мен бул шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Менимче буга ( шайлоого) жооптуулар жоопкерчиликке, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартуулуусу керек. Чуров ( БШКнын башчысы) кызматтан чегиниши абзел.

Оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцов митингде кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Дмитрий Медведевдин саясий реформалар боюнча соңку демилгелерине ишенбей турганын айтып, премьер-министр, президенттик шайлоого кайра аттанган Путинди айыптады:

-Биз ага ишенбейбиз, ишенбейбиз! Ал модернизацияны, инновацияны буга дейре эле убада кылган, эркиндик эрксиздиктен жакшы. Ал (Медведев) албетте, жакшы блоггер, бул чындык, бирок ал президент боло албады. Биз төртүнчү марттагы шайлоого сөссүз келип, бирок Путинге бирөөбүз дагы добуш бербөөбүз керек. Ууру Кремлде отурбашы абзел! Путинсиз Жаңы жылыңар менен!, Путинсиз Жаңы жылыңар менен! Орусия эркин болот! Орусия эркин болот!

Ал эми Санкт-Петербургдын Пионер аянтына баштапкы маалыматтарга караганда, бир жарым миңдей киши келген. “Интерфакс” агенттиги шаардын полициясына шилтеме жасап, полиция демонстрацияга барган бир нече “чагымчыларды” кармаганын билдирди.

Москва менен Санкт-Петербургга чейин демонстрациялар Орусиянын Ыраакы Чыгыш менен Сибирдеги Владивосток, Хабаровск, Томск, Иркутск, Новосибирск, Красноярск, Чита, Оренбург, Астрахан жана башка шаарларында болгон. Адатта, аба-ырайы ызгардуу бул шаарлардагы демонстрацияларга бир нече жүз киши келди.

Кайра шайлоону талап кылган митингдер бүткүл Орусия боюнча мындан эки апта мурун, 10-декабрда да өткөн. Орус оппозициясы көз карандысыз байкоочулардын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча далилдерине таянуу менен премьер- министр жана президенттикке кайра аттанып жаткан Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 4-декабрдагы добуш берүүдө бурмалоолордун натыйжасында гана жеңишке жетишти деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG