Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Бишкекте жарык жоктугунан жол тосушту


Бүгүн кечки саат жетилер чамасында Бишкектин Манас проспектисинде 60-70тей адам электр энергиясынын өчүрүлүп жатканына нааразылык билдирип чыгышты. Алар Манас көчөсүнүн Бишкек гуманитардык университетинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн тосушуп, жарык маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылышты. Нааразылыкка чыккандар "Азаттыкка" билдиришкендей, шаардын бул районуна электр энергиясы кеминде эки күндөн бери берилбей жатат. Жол тоскондорго шаардык электр тармактарынын өкүлдөрү келишип, жарык эртең берилерин убада кылышты. Натыйжада жол кечки саат тогуздар чамасында кайра ачылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG