Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Бишкекте электр энергиясы үзгүлтүккө учураган аймакта оңдоо иштери жүрүүдө


Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин аймагына 5-6 саат ичинде жарык берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектро” ишканасынын сапаттуу тейлөө кызматынын жетекчиси Каныбек Конкобаев билдирди. Анын айтымында, аталган аймактагы жарыктын үзгүлтүккө учурашына ишкананын “Түндүк” подстанциясындагы авария себеп болгон.

“Электр зымдары темир жол рельсаларынын алдынан өткөндүгү оңдоп-түздөө иштерин оорлотууда”- деп түшүндүрдү Конкобаев.

Кечээ кечки саат жетилер чамасында Бишкектин Тынчтык көчөсүндө жүздөн ашуун адам электр энергиясынын өчүрүлүп жатканына нааразылык билдирип, жол тоскон. Нааразылыкка чыккандар бул райондо эки күндөн бери электр энергиясы жоктугун айтып, маселени тез арада чечүүнү талап кылган. Жол тоскондор менен шаардык электр тармактарынын өкүлдөрү жолугушуп, жарык эртең берилерин убада кылышкан соң, кечки саат тогуздар чамасында жол кайра ачылган. (EzK)

XS
SM
MD
LG