Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон “Азаттыка” билдиришкендей, 26-декабрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда кар жаайт, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1, -6 күндүзү 2, 7 градуска чейин жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 3, 8 градус суук, күндүзү 2, 7 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн -4,+1 күндүзү +1,+6 градус. Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -4,+1, күндүзү 2,7 градус жылышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3, 8 градус суук, күндүзү 5 градуска чейин жылуу. Нарында түнкүсүн -19... -24; күндүзү -14... -19 градус.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1,3 градус суук, күндүзү 5, 7 градус жылуу. ( EzK)

XS
SM
MD
LG