Премьер-министр жана президенттик шайлоого кайра аттанган Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу оппозициянын эң ири демонстрациясынын эртеси билдирип олтурат. Анын айтымында, “орусиялыктар көпчүлүктүн пикирине урматтоо менен мамиле кылуусу керек”.
Бул аралыкта СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев Путинди анын жолун жолдоп кызматтан өз эрки менен чегинүүгө чакырды. “Эхо Москвы” радиосундагы интервьюсунда Горбачев мындай деди:
- Мен азыр Владимир Владимировичке кетүүгө кеңеш берет элем. Үч мөөнөт болду. Эки мөөнөт президент, бир мөөнөт премьер-министр. Үч мөөнөт, бул жетиштүү да. Анткени айланасында чөйрө, кландар жаралды. Тазалай турган нерсе абдан көп.
Горбачев бул сөздөрдү кечээ Орусияда 4-декабрдагы парламенттик шайлоо бурмаланды деп эсептегендердин нааразылык акциялары кайрадан өткөндөн кийин айтты.
Демонстрациялардын эң ириси Москванын Сахаров проспектисинде болуп, уюштуруучулардын эсебинде ага 100 миңден ашуун киши келди.