Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Нигерия: жардыруулар үчүн радикал мусулмандар жоопкер


Дүйнө христиандарынын католик жана протестант жамааты Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жаткан кезде жасалган жардыруулар үчүн “Боко Харам” деген исламчыл топ жоопкер болду. Бул тууралуу топтун өкүлү Нигериянын көбүнесе мусулмандар жашаган чыгыш бөлүгүндө жарык көрүүчү “The Daily Trust” гезитине билдирген.

Нигериянын чукул кырдаалдар боюнча мекемесинин өкүлдөрүнүн айтканына караганда, жекшемби күнкү жардыруулардан кеминде 25 киши ажал тапты.

Жардыруулар өлкө борбору Абужанын чет жакасында, католиктердин Ыйык Тереза храмында жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Жос шаарынын жанындагы чиркөөдө жана дагы экөөсү түндүк-чыгыштагы Йобе штатында болгон.

XS
SM
MD
LG