Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Дарфурдагы козголоңчулардын лидери өлтүрүлдү


Судан армиясынын командачылыгы Дарфурдагы козголоңчулар тобунун лидери Халил Ибрагим өкмөттүк куралдуу күчтөрү менен аткылашууда атып өлтүрүлгөнүн маалымдады. “Адилеттүүлүк жана теңдик” кыймылы лидеринин өлтүрүлүшүн тастыктап, бирок ал аба соккусунан набыт кеткенин ырастоодо. Өткөн аптада козголоңчулар Дарфурдан Судандын борбору Хартумга карай багыт алышканын жарыялашкан. Мыкты куралданган кыймыл Судан өкмөтү жана башка согушкер топтору менен элдешүү келишимине кол коюудан баш тарткан. Дарфурдагы араб эмес эрегишчилер борбордук өкмөт алыскы аймакты көңүл сыртында калтырып, жергиликтүү араб урууларына артыкчылык берүүдө деп айыптап, 2003-жылы куралдуу күрөш башташкан.

XS
SM
MD
LG