БУУ жана Ирак өкмөтү ирандык качкындардын Ашрафтагы лагери боюнча макулдашууга кол коюшту. Улуттар уюмунун Ирактагы миссиясы тараткан билдирүүгө ылайык, лагердин жашоочулары убактылуу жайларга көчүрүлөт. Ал жерлерде алардын качкын деген макамы такталып, кийин Ирактан башка өлкөлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралмакчы. Негизинен ирандык оппозиционерлер баш пааналаган лагерь 1980-жылдары пайда болгон. Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейн Иран-Ирак согушу маалында Тегеран режимине каршы болгон “Элдик можахеддер” тобунун мүчөлөрүнө лагерь түзүүгө уруксат берген. Ошондон бери Ашрафта 3 миң 400дөй киши баш калкалап жүрөт. Апрелде Ирактын коопсуздук күчтөрү лагерге рейд жасап, 30дан ашык киши өлтүрүлгөнү маалымдалган. Премьер-министр Нури ал-Малики жакында лагерди жабуу мөөнөтүн дагы бир жылга узартууга макул болгон. Ирак өкмөтү бозгундагы ирандыктардын тобунун өз аймагында кала беришин каалабай турганын кайталап келатат.
БУУ жаңы келишим “абалдын тынч жана гуманитардык жол менен чечилишин” көздөөрүн, Ирак бийлигинин убактылуу жайларда качкындардын коопсуздугун камсыздоого даярдыгын белгиледи.
БУУ жаңы келишим “абалдын тынч жана гуманитардык жол менен чечилишин” көздөөрүн, Ирак бийлигинин убактылуу жайларда качкындардын коопсуздугун камсыздоого даярдыгын белгиледи.