Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ысык-Атада жол кырсыгында 8 адам набыт болду


Чүйдүн Ысык-Ата районунда кечээ жол кырсыгында 8 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, 25-декабрда Токмок - Бишкек унаа жолунун 36-чакырымында жол кырсыгы катталган. Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Фольцваген-Вента үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. 8 адам каза таап, 5и жабыркаган. Каза болгон адамдардын сөөктөрү Ивановка айылынын ооруканасынын моргуна жеткирилген. Жабыркагандар Ивановка айылынын ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Набыт болгондордун арасында 7-10 жаштагы балдар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG