Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ош облусуна Өзбекстандан келүүчү газ токтоду


Ош облусуна Өзбекстандан келип жаткан газ токтоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчиси Шарип Бураев маалымдады. Анын айтымында, көгүлтүр от кошуна өлкөдөн Кыргызстанга келчү газ түтүгүндөгү ремонт иштерине байланыштуу токтотулган.

“24-декбарда “Узтрансгаз” ишканасынан атайын билдирүү келген, анда 25инен тарта газ убактылуу токтотулаары айтылган. Бул маалыматты жергиликтүү телеканал аркылуу элге жеткиргенбиз“,- дейт Бураев.

Кошуна өлкө газды бүгүн кайрадан берүүнү убада кылган. Бирок кайсы убакта, канча өлчөмдө экени анык эмес.

Декабрдын башынан тарта Өзбекстан газ берүүнү эскертүүсүз кыскартып салган. Келишим боюнча бир эле Ош шаарына саатына 5 миң куб көгүлтүр от берилиши керек болсо, бир айдан бери 2 миң кубдун тегерегинде келип жаткан. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG