Жол коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери 26-декабрдан 31-декабрга чейин Аяз атанын кийиминде жумушка чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Батыр Нышанов билдирди. Анын айтымында, Аяз аталар менен кошо Аяз кыздар да болушат. Алар айдоочуларга майрамдык белек катары жол эрежелери тууралуу китепчелерди таратышат. (SE/RK)