Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Акыйкатчы өкмөттүн жаңы курамын сынга алды


Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстандын жаңы өкмөтүнүн курамы айрым мыйзам талаптарына жооп бербейт деп эсептейт. Акыйкатчынын "Азаттыкка" билдиришинче, гендердик баланс сакталган эмес, өлкөдө жашаган ири этностордун өкүлдөрү жок, жаштар да дээрлик жокко эсе. Жаңы өкмөттө буга чейинки бийлик учурунда жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдар да бар экени сынга алынды. Турсунбек Акундун пикиринде, өкмөт мүчөлөрү кесипкөйлүгүнө эмес, тигил же бул партияга тиешеси болгондугу үчүн гана тандалды. (RK)

XS
SM
MD
LG