Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Коргоо министрлигинин жетекчиси алмашты


Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен бүгүн Кыргызстандын жаңы коргоо министри дайындалды. Жаңы министр Таалайбек Өмүралиев буга чейин аталган министрликтин жетекчисинин биринчи орун басары, Башкы штаб башчысы болуп келген. Ал Казакстандын, Орусиянын аскердик окуу жайларында жогорку билим алган. 1987-1988-жылдары советтик армиянын өкүлү катары Ооганстанда аскердик кызмат өтөп келген. Мыйзам боюнча кыргыз өкмөтүнүн курамын Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Коргоо министрин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилерин гана президент дайындайт. (RK)

XS
SM
MD
LG