Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Орусияда оппозиция активисттин кайра кесилишин айыптады


Солчул Майдан тобунун жетекчиси Сергей Удальцов кечээ 15 күндүк түрмө мөөнөтүн өтөп бүтмөк. Ал 4-декабрдагы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы митингде камакка алынган. Бирок бул күнү кечинде Москвада сот аны октябрдагы акцияда полицияга каршылык көрсөткөн деп таап, дагы 10 күнгө эркинен ажыратты. Абакта экенде Удалцов ачарчылык жарыялап, ооруканга жаткырылган. Колдоочулары анын саламаттыгына тынчсыздануу билдиришкен.

Активисттин аялы Анастасия мындай деди:

- Абалы оор, наар албай, суу да ичпей жатат. Ооруканада эртең менен ооз ачкан, бирок андан кийин ага тамак же суу беришкен жок. Доктурлар да анын абалы өтө оор деп жатышат.

Өткөн аптанын соңунда Орусияда он миңдеген киши жаңы шайлоо өткөрүп, премьер-министр Владимир Путиндин кетишин талап кылып, көчөгө чыгышты.

XS
SM
MD
LG