Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Сирияда армиянын огунан 13 киши набыт кетти


Активисттердин айтымында, бүгүн коогалуу Хомс шаарында коопсуздук күчтөрү аз дегенде 13 кишини атып салышты. Ал арада өлкөгө тогуз айдан берки кан төгүүлөрдү иликтөөнү максат кылган Араб Лигасынын 50 чакты байкоочусу келди. Өкмөт алардын келгенин бышыктай элек. Байкоочулардын алды Дамаскиге өткөн аптада келген. Алар президент Башар ал-Ассаддын өкмөтү менен Араб Лигасынын өткөн аптадагы макулдашуусунун негизинде жиберилип жатат.

XS
SM
MD
LG