Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Бишкекте электрди керектөө саал азайды


Абанын температурасы көтөрүлгөндөн бери Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө саал азайды. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Соңку суткада бишкектиктер 13 миллион 500 миң киловатт/саат электр энергиясын керектешти. Суук күч алган учурда керектөө 15 миллион киловатт/сааттан ашып кеткен болчу. Мындан улам шаардын бир катар аймактарындагы жогорку чыңалуудагы кичи станцияларга күч келип, бөлүштүрүүчү зымдар иштен чыккан эле. Ошентсе да электрди керектөө белгиленген деңгээлге чейин азая элек. Негизи Бишкек шаары бир суткада 9,6 миллион киловатт/саат гана электр энергиясын колдонушу шарт. (KKs)

XS
SM
MD
LG