Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Азербайжанда 2 жарым жылга кесилген жаш активист бошотулат


Азербайжандын президенти Илхам Алиев 92 кишинин айыбын кечирүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Тизмеде жаш активист Жаббар Саванли да бар. Оппозициядагы “Элдик майдан” партиясынын мүчөсү 20 жаштагы Саванли май айында мыйзамсыз маңзаттарын алып жүргөн деген айып менен 2 жарым жылга кесилген. Февралда ал Фэйсбукта өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Жакында Эмнести интернешнл укук коргоо уюму Илхам Алиевге
кайрылып, Саванлини токтооосуз бошотууга чакырган. Бирок 2-апрелдеги антиөкөмттүк акцияга катышкандыгы үчүн эркинен ажыратылган оппозициянын 14 активисти тизмеге киргизилген жок.

XS
SM
MD
LG