Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки 20 жыл ичинде жалпы 50 миң кыргыз жараны Сауд Арабиясына ажылык сапарга барып келди. Бул тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди. Быйыл 5 миңден ашык кыргызстандык ажы болуп кайтты. Муфтият 2012-жылы ажылыкты уюштуруунун сапатын жакшыртуу үчүн ага эртелеп даярданаарын, ажы башчылардын ордуна жергиликтүү имамдардан жана мечит-медреселердин кызматкерлеринен түзүлгөн топ башы имамдар иш алып бараарын билдирүүдө. (KKs)